Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жогорку Кеңештин депутаттары 30-апрелдеги жыйынында саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитти.
Комиссиянын курамы:
1) Жогорку Кеңештин «Ата Журт — Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна;
2) Жогорку Кеңештин «Ишеним» парламенттик фракциясынын депутаты Султанбекова Чолпон Аалыевна;
3) Жогорку Кеңештин «Ынтымак» парламенттик фракциясынын депутаты Тентишев Бакыт Эркинович;
4) Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун депутаты Марипов Бакытбек Асамидинович;
5) Жогорку Кеңештин «Ыйман-Нуру» парламенттик фракциясынын депутаты Ашимова Динара Ашимовна;
6) Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович;
7) Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун депутаты Самыйкожо Мирлан;
8) Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Токтошев Эмил Токтакунович;
9) Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Асанканов Абылабек Асанканович;
10) Тарых илимдеринин доктору Курманов Зайнидин Карпекович;
11) Тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана регион таануу институтунун директору Сырдыбаев Туратбек Токтобекович;
12) Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Арабаев Чолпонкул Исаевич;
13) Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Кыштобаев Руслан Журсунбаевич;
14) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Кадырова Мээрим Мырзабековна;
15) Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттигинин директору Алыбаева Мария Артельевна;
16) Юстиция министрлигинин Мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси Мамытканов Шеримкул Замирбекович;
17) «Полис Азия борбору» коомдук бирикмесинин директору Ногойбаева Эльмира Абылбековна;
18) Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Иманалиев Каныбек Капашович;
19) «Кыргызстанды өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун төрагасы Кубанычбек уулу Максатбек;
20) «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Кулматов Алмаз Окинович;
21) «Азаттык» радиосунун журналисти Шамшиев Бекташ Шамшиевич.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды