Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ош облусунун Араван районунда мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды, деп маалымдады Салык кызматынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык рейддик көзөмөл жүргүзүү учурунда Чек-Абад жана Дөбө-Коргон айыл өкмөттөрүнөн жалпы суммасы 21 630 сомду түзгөн акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болбогон «Oris» брендиндеги 492 куту тамеки продукциясын аныкташкан. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Мыйзамга ылайык, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул салынат, ал эми 1000 даанадан көп болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды