Главная страница » Садырбек кызы Бурулай Каракол шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2025» болду

Садырбек кызы Бурулай Каракол шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2025» болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында «Жылдын мыкты тарбиячысы—2025» жана  «Жылдын мыкты мугалими—2025» сынактары жыйынтыкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, сыйлоо аземи бүгүн, 28-апрелде өттү. Ага Каракол шаарынын мэри Тимур Мадяров, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Асель Токтакунова, мугалимдер жана эл өкүлдөрү катышты. 

«Жылдын мыкты тарбиячысы—2025» сынагынын жеңүүчүлөрү: 

– 1-орун — №9 бала бакчасынын тарбиячысы Абакова Таалайкүл Саламатовна, №16 бала бакчасынын тарбиячысы Үмөтбекова Гүлжан Үмөтбековна; 

– 2-орун — №8 бала бакчасынын тарбиячысы Турарбек кызы Кундуз; 

–  3-орун — №7 бала бакчасынын тарбиячысы Кондратова Кристина Викторовна. 

«Жылдын мыкты мугалими—2025» сынагынын жеңүүчүлөрү: 

– 1-орун — Абит Ахматов атындагы  №4 мектептин башталгыч классынын мугалими Садырбек кызы Бурулай; 

– 2-орун — Жолболду уулу Садыр Аке атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Мелис кызы Айпери;

– 3-орун — Жылкыайдар уулу Тилекмат Аке атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Турдакунова Нурзат Кеңешбековна. 

Олжолуу орунга ээ болгон мугалимдер облустук турга жолдомо алды.  Жеңүүчүлөргө жергиликтүү бюджеттен үй тиричилик техникалары, 1-орунга муздаткыч, 2-орунга газ плита, 3-орунга сыналгы жана катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. 

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz