Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Жогорку Кеңештин жыйындар залы капиталдык оңдоого жабылат.
Парламенттин жыйындары май айындагы өргүүдөн кийин Абдумомунов көчөсүндөгү (мурдагы Өкмөт үйү) Экономика министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин жыйындар залында өткөрүлөт.
Жогорку Кеңештин жыйындар залын заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу да пландалган.
Оңдоо иштери 2023-жылы Корея Республикасы менен кол коюлган келишимдин алкагында жүргүзүлүүдө.
Оңдолгон жыйындар залы 1-сентябрда ачылат.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат: тротуарлар жаңыланууда, жаңы дарактар отургузулууда, имараттын фасады тазаланууда жана башка.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды