Главная страница » Сүрөт — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган медалдар

Сүрөт — Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган медалдар

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Коргоо министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата тапшырыла турган медалдардын сүрөттөрү менен бөлүштү.

Министрлер кабинети 2025-жылдын 3-апрелиндеги токтому менен «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы» юбилейлик медалын бекиткен.

Медаль колодон жасалып, 999 пробадагы алтын менен капталган. Медалдын айрым элементтери кызыл түстүү эмаль менен капталган (Pantone 1788Х).

«Медаль куюу жана штамптоо жолу менен даярдалып, ага 3D-эффект берет. Төйнөгүч менен бекитилет. Медаль кызыл түстөгү жибек тасма менен кооздолгон, ал эки сары түстөгү тилке жана кыргыз оюму менен кооздолгон», – деп айтылат билдирүүдө.

«1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы» медалы КРнын учурдагы мыйзамдарына ылайык тапшырылат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz