Главная страница » Румынияда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Румынияда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Румынияда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды. Кыргыз элчиси Идрис Кадыркуловдун маалыматы боюнча, иш-чарага Румынияда аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жана Румыниянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

«Румыния — Чыгыш Европадагы динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет. Ал жан башына эсептегенде ИДП боюнча Польшаны ашып өтүп, энергетика, IT, туризм, айыл чарбасы жана башка тармактарда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. 2024-жыл Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү боюнча рекорддук жыл болуп, 67,1 миллион долларды түздү», – деп белгиледи элчи Кадыркулов.

Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоодогу активдүү иши үчүн ардактуу консул Юлиу Стоклоса Тышкы иштер министрлигинин мааракелик медалы менен сыйланды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz