Главная страница » Президенттин фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 3,2 млн сом бөлүнөт

Президенттин фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 3,2 млн сом бөлүнөт

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул маалыматты Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы 28-апрелде билдирди.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашап жатканы айтылган.

Ардагерлерге 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырылат.

Акча каражаты:

− Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

− Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

− Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;

− 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдар жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган жарандарга тапшырылат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz