Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
“1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
” Мындан тышкары, бул конституциялык мыйзам “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Буга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан,” деген сөздөргө алмаштырылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды