Главная страница » Полковник Итикеевди ысымына байланыштуу бүтүндөй бир райондун эли сыйлап турат

Полковник Итикеевди ысымына байланыштуу бүтүндөй бир райондун эли сыйлап турат

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЭнергетика жана электротехника өнөр-жай кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, запастагы полковник Лейлекбек Итикеевдин ысымынан улам лейлектиктер өзгөчө сыйлашат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ысымын атасы Турусбек Итикеев атайын жолдомо менен 1959-жылы Лейлек районунун Коргон айылында мугалим болуп иштеп жүргөн учурда төрөлгөнү үчүн койгон.

«Өзүбүз Талас облусунан болобуз. Атам Турусбек Итикеев 1959-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, айтайын жолдомо менен түштүк тарапка болгондо да, эң алыскы Лейлек районундагы Коргон айылына барат. Ал жердеги азыркы Курбанали Сабыров орто мектебине мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ошол жылы мен төрөлүптүрмүн.

Атам чогуу иштешкен Зайир, Досбек деген достору менен менен баарлашып отуруп, Лейлекбек ысымга токтолушат. 2 жашыма чейин Лейлекте жашаганбыз. Кийин борборго кеткенбиз.

2001-жылы Лейлек районуна барып, биз жашаган үйдү көргөм. Андан кийин 2018-жылы атам 80 жашка таяп калганда дагы өзү иштеген мектепке алып барып, акыркы коңгуроо аземине катыштырып келдим.

Лейлектиктер мен үчүн бир туугандай болуп, алар дагы мени бир тууганындай сыйлашат. 30 жылдай күч структурасында иштеп, Баткен окуяларында Баткен тарапта жүрдүм. Полковник чинин ошол учурда алдым. Андыктан Лейлекбек деген ысым менен кошо Лейлек, Баткен жүрөгүмө жакын», – деди ал.

Полковник үй-бүлөдө 8 бир туугандын экинчиси. Өзү 5 баланын атасы.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz