Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш Маданият министрлигине мамлекеттик гимндин жаңы редакциясын тандоо үчүн жарыяланган сынактын мөөнөтүн узартууга уруксат берди.
Буга чейин 28-апрелде маданият министри Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы текстин жана музыкасын тандоо боюнча комиссиянын ишин 1-октябрга чейин узартууну өтүнгөн.
Анын айтымында, 2025-жылдын февраль айынан 20-мартына чейин 488 жарандан 703 долбоор келип түшкөн. 285 долбоор катталган.
Алардын ичинен:
– Толук долбоорлор (текст, партитура жана музыкалык коштоо) – 90;
– Музыкалык коштоосу бар текст – 3;
– Музыканын партитурасы бар текст – 3;
– Вокалдык коштоосу бар текст (музыкалык аспапсыз) – 10;
– Жалгыз гана текст – 177;
– Жалгыз гана музыка (ноталар) – 2 (анын ичинен бирөө вокалдык коштоосу менен партитура).
Комиссия бардык долбоорлор талаптарга жооп бербейт деген бүтүмгө келген.
Министр комиссиянын сунушу боюнча, кайта өткөрүлө турган сынак: 15-июнга чейин текстин тандоо, 1-сентябрга чейин обонун тандоо боюнча 2 баскычтан тураарын айткан. Тандалган вариант 1-октябрда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды