Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
Чүй облусунун Панфилов районундагы эң улуу тургун, оруктун ардагери Рысбү Жээналиева 109 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Ал 1916-жылы 1-январда Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн.
«Рысбү Жээналиева Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде орукта иштеп эмгектенген. Кийин колхоздо талаа жумуштарында иштеп, пенсияга чыккан. Апабыз согуш учурунда орукта кыйын кезеңдерди баштан кечирип, ѳзүнүн жарандык милдетин мыкты аткаргандыгы үчүн Улуу Жеңиштин 65 жана 75 жылдык юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Анын сөөгү 30-апрелде кичи мекени Кум-Арык айылында жерге берилди. Көзү тирүү болгондо Улуу Жеңиштин 80 жылдыгында биз менен болмок. Ага 10 күн калган эле», – деди акимияттан.
Анын артында 3 кыз, 2 уулу, 20 небере, 61 чөбөрө жана 10 кыбыра калды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды