Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Ош технологиялык университетинин студенттери БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «IDem» (Мен демилге көтөрөм) долбоорунун алкагында активдүү катышып жатышат.
Катышуучулар:
– Кадырбеков Уран — ИТвУА-1-23;
– Жапаров Актан — ИВТ-1-22;
– Атабек уулу Мухамедали — СТР-1-23;
– Турумаматова Бермет — КЛ-1-22;
– Рашидинов Залкар — Фин-1-23(9).
Бул долбоор жаштарды коомдук иштерге тартууга, алардын идеяларын колдоого жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган.
Аталган студенттер 20 мыкты студенттин арасынан тандалып алынып, 2025-жылдын февраль айынан бери уюштурулган семинарларда билим алып, долбоор жазуунун негиздерин өздөштүрүштү. Бул алардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүп, коомдук активдүүлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түзөт.
ОшТУ жаштары ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылышууда.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды