Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарындагы борбордук базардын көчүрүлүшү 1-июлга жылды. Бул тууралуу «Базар» муниципиалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов билдирди.
Анын айтымында, базарды көчүрүү планы 1-июлга жылдырылган.
«Буга чейин “жамгырда тамынан суу агып жатат” деген видеодон кийин үстүн ошондо эле жапканбыз. 1-июлда базар толук көчүрүлөт. Базардын жанындагы «Келечек» соода борбору жана менчик соода түйүндөрдүн бардыгы көчөт», – деди Ч.Шерматов.
———————————————————
Буга чейин Turmush басылмасына «Базар» муниципалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов Ош шаарындагы борбордук базарды 1-майга чейин көчүрүлөт, деп билдирген.
Анын айтымында, соодагерлерге 1 жума убакыт берилген. Анткени жаңы базардагы соодагерлер жайгашчу жайлардын эшиктери, буюм тизүүчү жайлары бүтө элек болгон.
Буга чейин борбордук базардын соодагерлери Ош мэриясына чогулуп, мэр менен жолугууну суранышкан. Соодагерлер «Келечек», «Бексултан» жана башка базарлар да жаңы базарга көчсө гана алар да көчө турганын айтышкан.
———————————————————
2024-жылы 14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды каптаган. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.
—————————————————————
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.
Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.
Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынган.
Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды