Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарындагы Волгоград көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында, аталган көчөдө жайгашкан «Фирдаус» мечитин бузуу иштери башталды.
Мэриянын маалыматына караганда, ушул эле көчөдө жайгашкан конок үйүнүн жолго чыгып кеткен бөлүгүн алуу боюнча да чаралар көрүлүүдө. Ээлик кылган тарапка тиешелүү эскертүүлөр берилген жана мыйзамдуулук боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле Волгоград көчөсүнүн №2Б дарегинде жайгашкан турак үй боюнча үй ээлеринин макулдугу менен курулушту башка жакка жылдырып, жолду бошотуу иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды