Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 1-май күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейдге чыкты.
Анын алкагында мэр Волгоград көчөсүндө жайгашкан «Фирдаус» мечитинде багымдат намазын окуп, жергиликтүү аксакалдар менен мечитти башка жакка жылдыруу, жолду бошотуп берүү маселеси боюнча сүйлөштү.
Андан соң шаар башчысы калаанын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан жумуштарды жеринен көрүп чыгып, ишти сапаттуу, ошол эле учурда өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.
Ош шаардык казыятынан билдиргендей, мечит бузулуп, жол бошотулат. Бирок ошол жердин эли үчүн кайра эле ошол аймакка мечит курулат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды