Главная страница » Ошто антикино жайларын жабуу маселеси талкууланып жатат

Ошто антикино жайларын жабуу маселеси талкууланып жатат

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш шаарында антикино жайларын жабуу демилгесине элдин көз карашы кандай? Аймактык кабарчы бул соболго жооп издеп көрдү.


24-апрель күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында социалдык иштер боюнча вице-мэр Салтанат Аманова антикино жайларын жабуу маселесин көтөргөн. Ал буга чейин антикино жайларында жашы жете элек 3 кыз зордукталганын, мындан улам мындай жайларды жабуу сунушун берген.

«Жашы жете элек кыздар эле эмес, башка кыздар деле ошондой жерде алкоголдук ичимдиктерди ичип, ошол жерлерде, түнкү клубдарда отурганы өкүндүрөт. Ошону үчүн кыздардын саламаттыгын, ден соолугун, балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ушул коллегиялык жыйында антикино жайларын жабууну сунуштайм», – деген ал.

Аталган коллегиялык жыйында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев антикинотеатрларда коомдук коопсуздукту бузган канча факты аныкталганын сураган.

«Урматтуу полковник, сиз антикинотеатр деп аталган жайларды көрдүңүз беле? Ал жерде эмне кылышат, ойношобу, конок күтүшөбү?», – деген мэр.

Бул суроого Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Съездбек Бектиров жооп берген.

«Антикинотеатрларга көп адам менен барып кино көрсө деле болот. Азыркы жаш өспүрүмдөр акчасын төлөп, кээде экиден, кээде төрттөн кирип жатышат», – деген ал.

Ошондой эле, Бектиров антикинотеатрларда коомдук тартипти бузган учурлар боюнча кошумчалаган.

«Жаш өспүрүмдөр боюнча рейд учурунда катталган. Рейдден кийин ата-энелерин чакырып, протоколдор түзүлгөн. Рейд учурунда 481 протокол түзүлгөн болсо, анын ичинен антикино жайларында катталгандардын саны 74 факт»,- деген ал.

Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков бул сандар милицияга кайрылган учурлардын гана саны экенин, кайрылбай калган учурлар да көп болушу мүмкүн экенин айткан.

«Антикино деген негизи кыргыздын менталитетине жараксыз нерсе экен. Чынында Салтанат Абдылдаевна туура маселени көтөрүдү. Антикино дегенди жабышыбыз керек. Бул бизге терс көрүнүштү алып келип жатат. Бул бизде кайрылган эле боюнча айтылып жаткан статистика, кайрылбаганы канча дагы. Биздин кызматкерлер өздөрү аныктаган, жарандар кайрылган гана статистиканы айтып жатышат. Андан тышкары, кайрылбагандар да бар да. Жаап жашырып койгон да фактылар бар», – деген ал.

Ага улай эле Жеңишбек Токторбаев антикинотеатрларда 15-17 жаштагы кыздар зордукталганын айтып, ишмердигин токтотуу боюнча кандай чаралар көрүү керектигин такталарын белгилеген.


Антикинотеатрларды жабуунун жол-жобосу кандай?

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баевтов азырынча бул маселе коомдук талкууда гана экенин, эгер маселе Ош шаардык кеңешинде каралса депутаттардын талкуусунан кийин бир чечим кабыл алынарын айтты.

«Эгер каада-салтыбызга туура келбей турган иштер, ошондой эле кылмыш иштер болсо, бул иш депутаттар арасында талкууланып, ошонун натыйжасында чечим кабыл алынат. Азырынча бул маселе тишелүү комитетке түшө элек», – деди Баетов.

Ош шаарында канча антикинотеатр бар?

Ош шаардык салык кызматынан билдиришкендей, Оштогу антикино жайлары кинотеатр катары катталышкан.

«Ош шаары боюнча 15 кинотеатр салыктык каттоодон өтүп ишмердүүлүк жүргүзөт. Алардын баары жеке ишкер катары катталган», – деп айтылат маалыматта.

Turmush басылмасы бул маселе боюнча сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкан шаардыктардын айрымдары антикино жайларынын жабылышын кубатташса, кээ бири аны жаап коюу менен маселе чечилбестигин, коопсуздук чараларын гана күчөтүп коюш керектигин билдиришти.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz