Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — ОшМУда студенттерди шыктандырган «Stud EXPO-2025» жармаңкеси өттү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда өткөн эл аралык жармаңкеге Кытайдын, Гананын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Бул жылдагы иш-чарага 180ден ашуун эмгек коюлду.
Студенттердин эмгектери негизинен программалоо, мобилдик веб-тиркемелер, робототехника, автоматташтыруу, 3D моделдештирүү, моушн анимация, илюстрация жана графикалык дизайн багыттарында болду.
Иш-чара быйыл бешинчи ирет өткөрүлдү. Уюштуруучулар бул жылдагы сынак күчтүү аттандаштыкта өткөнүн, эмгектер жогорку деңгээлде жасалганын белгилешти. Студенттердин эмгектери атайын эксперттер тарабынан каралып, жеңүүчүлөр баалуу белектер, диплом жана атайын медалдар менен сыйланды.
Эл аралык жарманке студенттердин эмгектерин жарыялоо, аларга мотивация берүү максатында уюштурулду. Ошондой эле алган билимдерин практикада колдонууга жол ачууга, тажрыйба алмашууга багытталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды