Главная страница » Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү уюштурулду — Билим АКИpress

Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү уюштурулду — Билим АКИpress

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Билим АКИpress – Бүгүн Ош технологиялык университетинде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектептердин, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер катышты. Саамалыкты университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, окуучуларды туура кесип тандоого үндөп, алдыда тапшырылуучу ЖРТны мыкты тапшыруусу үчүн ийгилик каалады. Келген коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышып чыгышты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн кызыктырган суроолорун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө жана университеттин активдүү студенттерине узатышып, окуу жай жөнүндө кенен маалымат ала алышты.

Окуучуларга атайын конкурстар уюштурулуп, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон окуучуларга университеттин белектери тапшырылды. Мектеп директорлоруна жыйналыш өтүп, ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Калысбек Кошмамат уулу университет тууралуу кыскача маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.

 

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz