Главная страница » Ош шаарындагы мектептерге адамдын жүзүн тааныган камералар орнотула баштады

Ош шаарындагы мектептерге адамдын жүзүн тааныган камералар орнотула баштады

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш шаарындагы орто мектептерге адамдын жүзүн таануу функциясы бар камералар орнотулууда. Бул тууралуу Ош ШИИБдин кызматкери мэриянын коллегиялык жыйынында маалымдады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта жалпы 35 камера алынып, анын 21 даанасы мектептерге орнотулган.

«Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Учурда жалпы 740 камера орнотуу боюнча тендер жарыяланган. Бүгүнкү күндө алардын 560ы орнотулду.

Мындан тышкары, адамдын жүзүн тааный турган атайын камералар да алынган. Ал камерага адам түшкөндө, анын жеке маалыматтары автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Жалпы 31 камера алынган. Анын ичинен 21и мектептерге орнотулуп бүттү», – деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында жалпы 55 мектеп бар.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz