Главная страница » Ош шаарында жумушсуздарга 2 миңден ашык иш орундар сунушталды

Ош шаарында жумушсуздарга 2 миңден ашык иш орундар сунушталды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushБүгүн, 29-апрелде  Ош шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер боюнча жармаңке өткөрүлдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун айтымында, мындай жармаңкелер жыл сайын региондордо 2 ирет өткөрүлүп турат.

«Азыркы учурда куруучулар, электриктер, ширетүүчүлөр, электромонтерлор жана IT тармагында бош орундар бар. Президенттин тапшырмасы менен чет өлкөгө чыгып кеткен жарандардын санын кыскартуу максатында, өлкө ичинде иш берүүчүлөрдү тартуу менен жармаңкелерди өткөрүп жатабыз. Учурда өлкө ичинде 8500дөн ашык бош орун бар. Жумуш боюнча маалымат керек болсо, бизге түз байланышса болот. Биз Кыргызстан менен гана эмес, 28 өлкө менен да  кызматташабыз», – деди Сабиров.

Мамлекеттик жана жеке менчик 40тан ашуункомпания келип, 2 миңден ашуун бош жумуш орундарын сунушташты. Жармаңке окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жумушсуз жарандар менен жаштарды иш менен камсыз кылууга багытталган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz