Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облустук милициясы жарандарга туура эмес маалыматтарды таратуу менен жоопкерчиликке тартылып калбоону эскертет.
Маалыматка караганда, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуп алуудан сак болууу зарыл.
«Социалдык тармактарды улуттук ар-намысты, кемсинткен чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү, комментарийлерди жазып, сүрөт-видеолорду жана башка материалдарды сактап же бөлүшүү аркылуу улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуп алуудан сак болунуздар!
Жарандын кыймыл-аракети рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга алып келсе, анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык жоопкерчиликке тартылат», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды