Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында жашаган 95 жаштагы орук ардагери Шарапат Оскулиева Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оор күндөрдү эскерип төмөнкүлөргө токтолду.
«Мезгил бизди тандаган экен. Бала чагыбыз кандуу, согуш жылдарына туш келди. Жаш секелек кыз элем, ойноок балалык кездин оттуу күндөрү азыр да көз алдымда турат. Түнкүсүн уйкудан калып, байпак, кол кап, жоолук согуп, энелерибизге жардам берчү элек. Күндүз болсо, күндүн аптаптуу ысыгында, же нөшөрлөгөн жаанда талаага чыгып машак терип, отоо отап, соко баскан күндөр эсимде.
Ошондогу апалардын кайраты зор эле. Алар биздин бүгүнкү жаркын келечегибиз үчүн “бир гана фронт үчүн” деп жан үрөп иштешти. Майдандагы жоокерлерге биздин белегибиз эле сокмо согуп жиберген кийимдер азык-түлүк болду.
Качан согуш бүтөт деп күткөн балдар андан көп. Бир күнү эле айылдагы апалар “Кудай берди, биз жеңдик!”- деп көчө шаңга толуп, сүйүнүчтөн аккан жаштар токтобой турду.
Андан кийин окуп билим алууга аракет кылдык. Окууга кирдим. Абышкам Сабыр Намазалиев да согуш ардагери болчу. Согуштан келген соң таанышып, колумду сурады. Мен так секирип, каршы болдум. Анткени алдыда билим алып, максатыма жетем деп турган учурум болчу. Бирок ал киши кайратынан кайтпай, “окутам” деп убада берип, акыры баш коштук. Окуу менен катар эле турмушту да улап, 9 балалуу болдук.
Өзүм билим берүү тармагында 30 жыл эмгектендим. Көптөгөн балдарга билим берип, келечекке жол ачтым. Абышкам эсепчи болуп бир топ жыл иштеди. Азыр кудайга шүгүр, балдарым билимдүү, өз турмуштарын куруп, тынчтыкта жашап жатабыз. Тынчтык эле болсун балдарым!», – деп айтты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды