Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Нячанг—Бишкек каттамы боюнча учуп келе жаткан учак Индиянын Калькутта шаарынын аэропортуна техникалык конуу жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Air Nomad» авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылган. Учакта Кыргыз Республикасынын 163 жараны бар болчу. Жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш менен камсыз болушту.
Авиакомпания кошумча учак берди, анын Бишкекке учуусу кечки убакытка пландалган.
«Манас» аэропортунун маалыматы боюнча, «Aero Nomad» авиакомпаниясынын ANK7778 рейси Вьетнамдын Нячанг шаарынан Бишкекке 3-майда саат 23:30да келиши керек болчу.
«Аэро Номад Эйрлайнс» компаниясынан билдиришкендей, Калькуттадагы учак 5-май күнү саат 03:15теБишкекке келери күтүлүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсынын негиздөөчүсү — Шейх Ирина Владимировна, жетекчиси — Аралбаев Тимур Эркинович. Компания жүргүнчүлөрдү аба транспорту менен ташуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Кайра каттоо күнү — 2021-жылдын 16-ноябры.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды