Главная страница » Новопакровка менен Ленин айылдарын байланыштырып турган көпүрө түшүп кетти (видео)

Новопакровка менен Ленин айылдарын байланыштырып турган көпүрө түшүп кетти (видео)

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопакровка айылы менен Ленин айылынын ортосундагы Чоң Чүй каналдын үстүнөн өткөн көпүрө түшүп кетти.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, окуя акимдин жеке көзөмөлүнө алынып, тиешелүү мекеме-түзүмдөрдүн жетекчилери жүрөт.

«Бишкек—Кант жолунда жүрүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу, жүк ташуучу унаалар Новопакровка—Сары-Жон унаа жолунда каттам күч алган. Анын кесепетинен, ушул жолдо жайгашкан Чоң Чүй каналдын үстүнөн өткөн көпүрө түшүп кетти. Окуя бүгүн саат 18:30 чамасында болгон», – деп  айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эркеайым Сейтказиева, администрациянын кызматкерлери, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана башка тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz