Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 29-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылында кечке маал 5-класстын окуучусу классташтары тарабынан сабалган. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, окуя калем сап (ручка) талашуудан келип чыккан. Сабалды делген Б.А.нын калем сабын классташтары сураганда «өзүм жазам» деп бербей койгон. Андан улам сабактан кийин мектептен сырткаркы жерде классташтары аны сабап кетишкен. Азырынча канча адам сабаганы белгисиз.
Учурда окуучу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын сынык жараат бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылууда.
Бул окуя боюнча Ош ОИИБдин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү кабарлады.
«2025-жылдын 29-апрель күнү Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Б.А. денесинен жараат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.
Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, 2 окуучу сабак бүткөндөн кийин калем сап талаша кеткен.
«Кечээ сабак бүткөн учурда 5-класстын окуучусу Б.А. досу Ы.А. экөө калем сап талаша кетишип, анын кесепетинен Б.А. жыгылып түшкөн. Баланын денеси эч кандай жараат алган эмес. Азыркы учурда абалы жакшы», – деп айтылат маалыматта.
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан кабарлашкандай, Б.А. кечээ, 29-апрель күнү саат 18:54 чамасында оорукана келип түшкөн.
«Ооруканага келген учурда “белгисиз балдар урду” деген. Окуя боюнча милицияга кабар берилген. Аталган балага “баш мээнин чайкалуусу” деген диагноз коюлган. Азыркы учурда Травматология бөлүмүндө дарыланууда. Абалы жакшы», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды