Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 30 жаштагы тургуну Мукталы уулу Түгөлбай арашан койлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, азыр 50 баштан ашык кой бар.
«Мектепти аяктаган соң дене тарбия академиясына тапшыргам. Тилекке каршы аны аяктабай, чет жакка иштеп кеттим. Мындан 5 жыл мурун өзүмдүн, ата-энемдин, бир туугандарымдын чогулткан акчасын алып, Россиядан келип, үйгө шарты менен короо салдым. Ал жакка бир короодон «элитный» койлорду алып келдим. Ар кандай породада бирок, баары эттүү, чоң эле. Ал кезде сатылып жаткан койлорго караганда бир топ кымбат алганбыз.
Ишти 50 баш койдон баштагам. Киреше катары жыл сайын төлүн эсептейбиз. Мисалы жакшы породадагы 1 козу бир жылдык чыгымды актап коюшу мүмкүн. Былтыркы төлдө мисалы 50гө жакын козу алдык. 10 күндүк козуларды 70 миң сомго чейин сатып жаттык. Ошол үчүн азыр жалаң породасы жакшы койлорду көбөйтүү үстүндө жүрөм. Мисалы жакында эле өзүбүздүн райондон арашан породасындагы 1 күндүк эркек козуну 7 миң долларга алып келдик. Аны энеси менен кошо берген. Учурда 3 ай болду. Козусу 4-5 ай болгондо энесин алып кетишет. Андан башка дагы арашан породасындагы кочкорду 9 миң долларга алып келдик.
Буга чейин мал бакканды өздөштүргөнчө ар кандай окуялар болду. Былтыр эле 150 миң сомго алган кочкорду өлтүрүп алдык. Суук өткөрүп оорутуп алып, убагында дарылабай калган экенбиз. Андай учурда ичиң ачышат, бирок ал катаны экинчи кайталабайын деп аракет кылып каласың. Буларды деле убагында дарылап, убагында жем, чөбүн берип, жакшы караш керек. Бир киши такай үйдө болуш керек. Азыр короодо 50 баштан ашык кой бар. Ар бири 50 миң сомдон жогору бааланып турат. Бул 5 жылдык мээнеттин үзүрү. Муну менен токтоп калбайбыз. Мындан дагы жеңилдетип ишти, киреше көп боло тургандай кылууга аракет кыла беребиз», – деди ал.
Фермер жубайы экөө 3 уулдун ата-энеси.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды