Главная страница » Москва шаарында «Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчуларды эскерүү» китебинин бет ачары болду

Москва шаарында «Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчуларды эскерүү» китебинин бет ачары болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россиянын Москва шаарындагы №1399 мамлекеттик мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Анын алкагында кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчу баатырларды эскерүү» китебинин бет ачары болду.

Катышуучулар Москва үчүн болгон салгылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн, Кыргызстандан чыккан генерал-майор И.В.Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгын белгилешти, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Ошондой эле меймандар генерал Панфиловдун кызы М.И.Панфилова тарабынан негизделген мектептин базасындагы аскердик-тарыхый музей менен таанышты. Мындан сырткары мектеп жамаатына Кыргызстандын маданиятын тааныштыруу максатында кыргыз элинин кол өнөрчүлүк буюмдары, табияты жана белгилүү инсандары тууралуу фотоматериалдар көргөзмөгө коюлду.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz