Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 30-апрелде Чүй облусунун Москва районунда «Диамед» гемодиализ борбору убактылуу жабылды. Ага бейтаптар жана аларды коштоп жүрүүчүлөр (опекун) каршы чыгышты.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, «Диамед» гемодиализ борбору 2020-жылы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Александровка айылында жайгашкан. Анда 2 дарыгер, 3 медайым, жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Учурда 45 бейтапка гемодиализ кызматы көрсөтүлөт.
- 32 бейтап Москва районунан, 13 бептап Чүй облусунун башка аймактарынан.
Үстүбүздөгү жылдын март айында аталган борбор Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан текшерилген. Анын натыйжасында бүгүн, 30-апрелде борбор убактылуу жабылды. Мындай жагдайга бейтаптар жана алардын туугандары каршы чыгышты. Аларга райондун жетекчилери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бейтаптарга башка аймактарга баруу сунушталды. Бирок көпчүгү каршы чыгышып, борбордун жабылганына нааразы болушууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды