Главная страница » Москва облусунда жааган кар 26 миң адамды электр жарыгысыз калтырды

Москва облусунда жааган кар 26 миң адамды электр жарыгысыз калтырды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Май айында жааган кар жана катуу шамал Москва облусундагы электр жарыгын өчүрдү.

Губернатор Андрей Воробьев билдиргендей, 2-майга караган түнү электр зымдарына муз тоңуп, бак-дарактар кулаган. Анын кесепетинен 237 электр линиясы жана 4,4 миң трансформатордук көмөк чордондун иши үзгүлтүккө учурап, 26 миңге жакын тургун жарыксыз калган.

Аба ырайына байланыштуу коомдук транспорттор да убактысынан кечигип жатат. 

200дөн ашык авариялык бригада, анын ичинде коммуналдык кызматкерлер жана Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу, ошондой эле автожолдорду жана жолдорду тазалоо менен алек.

Москва шаарында 2-майга караган түнү кар жаап баштаган. Метеоролог Евгений Тишковецтин айтымында, Москвада акыркы 36 саатта бир айлык нормадагы жаан-чачындын 70%ы жаады.

Москва облусунун айрым райондорунда, өзгөчө түндүгүндө кардын калыңдыгы 15 см чейин жеткени айтылууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz