Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети Чүй облусундагы Достук айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн аянты 90,35 га жер тилкесин трансформациялоону тапшырды.
Министрлер кабинетинин 22-апрелдеги токтомунда айтылгандай, Исаков Нургазы Мухамедашымовичтин менчигинде турган сугат айдоо жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулат.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүлөр тапшырылды:
1) айыл чарба багытындагы жоготуулардын жана кошумча пайданын ордун толтуруучу сумманы төлөө;
2) жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүү, аз түшүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүү;
3) эсепке алуу документациясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) жер тилкесин максаттуу пайдалануу;
5) курулуш нормаларынын жана Кыргыз Республикасынын эрежелеринин сакталышы менен жер тилкенин шаар куруу документациясын иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) эгерде жер тилкеси пайдаланылбаса же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаса, КРнын мыйзамдарына ылайык, аталган жер тилкесин алып коюуну караган жер тилкесинин ээсине/жерди пайдалануучуга карата чараларды көрүү жана баштапкы абалына келтирүү;
7) тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда же жер тилкеси тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо зонасына кирген учурда «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамды сактоо;
8) аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча жетекчиликти сактоо;
9) жер тилкесинин ээсинин каражаттарынын эсебинен инфраструктуранын, жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Документ «Эркин Тоо» гезитине 2025-жылдын 25-апрелинде жарыяланган.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды