Главная страница » Министрдин орун басары болгон Нургүл Аднаева жөнүндө эмне белгилүү?

Министрдин орун басары болгон Нургүл Аднаева жөнүндө эмне белгилүү?

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Аднаева Нургүл Мажитовна саламаттыкты сактоо министринин санариптештирүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Ал 1965-жылы 20-августта Ош облусунун Гүлчө айылында туулган. 1989-жылы медициналык институттун дарылоо факультетин, 2000-жылы Бишкек мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча бир катар такшалмалардан өткөн. Дүйнөлүк банктын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү, башкаруу, медициналык сатып алуулар жана бейөкмөт уюмдарды тартуу боюнча курстарынан билим алган.

2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышкан.

Эмгек жолу:

  • 1989-1990-жылдары — №1 шаардык клиникалык ооруканада жана №6 шаардык клиникалык ооруканада врач-интерн
  • 1990-1995-жылдары — №6 шаардык клиникалык поликлиникада аймактык терапевт
  • 1995-1996-жылдары — «Пищевик» дарылоо-саламаттыкты чыңдоо комплексинин башкы дарыгери
  • 1996-1997-жылдары — Медициналык камсыздандырууну киргизүү боюнча республикалык борбордо алдыңкы адис, врач-эксперт
  • 1997-1998-жылдары — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фондунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчысы, ММК фондунун уюштуруу башкармалыгынын алдыңкы адиси
  • 1999-жылы — ММК фондунун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси, врач-эксперт
  • 2002-жылы — ММК фондунун калк жана дарылоо-профилактикалык мекемелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы
  • 2002-2009-жылдары — ММК фондунун калк жана дарылоо-профилактикалык мекемелер менен иштөө башкармалыгынын башчысы, ММК фондунун профсоюз комитетинин төрайымы
  • 2006-2007-жылдары — БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Демократиялык башкаруу» программасынын улуттук эксперти
  • 2007-жылы — БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Социалдык чөйрөдө кызмат көрсөтүү критерийлерин аныктоо» боюнча кыска мөөнөттүү улуттук эксперти
  • 2009-2011-жылдары — реформаларды киргизүү жана координациялоо башкармалыгынын башчысы
  • 2016-жылы — Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер боюнча улуттук базасы боюнча консультанты
  • 2017-жылдын октябрь айына чейин — Онкологиялык кызматты колдоо фондунун төрайымы
  • 2017-2018-жылдары — саламаттыкты сактоо министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси
  • 2018-2020-жылдары — Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти
  • 2021-жылдын 7-июлунан баштап — Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz