Главная страница » Министр жаңы гимн боюнча сынакты 1-октябрга чейин узартууну өтүндү

Министр жаңы гимн боюнча сынакты 1-октябрга чейин узартууну өтүндү

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин жаңы текстин жана музыкасын тандоо боюнча комиссиянын ишин 1-октябрга чейин узартууну өтүнөт. Бул өтүнүчтү 28-апрелде маданият министри Мирбек Мамбеталиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын февраль айынан 20-мартына чейин 488 жарандан 703 долбоор келип түшкөн. 285 долбоор катталган.

Алардын ичинен:

– Толук долбоорлор (текст, партитура жана музыкалык коштоо) – 90;

– Музыкалык коштоосу бар текст – 3;

– Музыканын партитурасы бар текст – 3;

– Вокалдык коштоосу бар текст (музыкалык аспапсыз) – 10;

– Жалгыз гана текст – 177;

– Жалгыз гана музыка (ноталар) – 2 (анын ичинен бирөө вокалдык коштоосу менен партитура).

Комиссия бардык долбоорлор талаптарга жооп бербейт деген бүтүмгө келген.

Министр комиссиянын сунушу боюнча, кайта өткөрүлө турган сынак эки этаптан тураарын айтты. Биринчи этапта гимндин тексти тандалат, экинчи этапта бекитилген текстке музыка тандалат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz