Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – УКМК милиция кызматкерлерин жана жарандык активисттерди кемсинткен бажы кызматкери менен профилактикалык баарлашуу өткөрдү.
Окуянын видеосу социалдык тармакта тараган. ЖКККБнын инспекторлору жүргүзгөн рейд учурунда мас абалындагы айдоочу «Lexus 570» үлгүсүндөгү унаасын башкарып жүргөнү аныкталган.
УКМК билдиргендей, 28-апрелге караган түнү ЖКККБнын инспекторлору активисттер менен биргеликте рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө көңүл ачуучу жайлардын биринин кире беришинде аталган унаа токтотулган. Бирок айдоочу инспекторлордун талабына баш ийбей, качууга аракет кылган. Анын мас абалында экендиги медициналык күбөлөндүрүү актысы менен тастыкталган. Укук бузуучуга карата протокол түзүлүп, унаа айып короосуна токтотулган.
«Мындан тышкары, унаада жүргүнчү да болгон. Ал дагы мас абалында болуп, милиция кызматкерлерине жана жарандык активисттерге карата агрессивдүү мамиле жасап, өзүн офицер катары тааныштырып, байланыштары менен коркуткан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жүргүнчүнүн ким экендиги аныкталды — ал Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери К.А.А. болуп чыкты, ал мамлекеттик кызматкер катары жүрүм-турум нормаларын жана этиканы бузуп, өзүнүн аракеттери менен мамлекеттик бийлик органдарына шек келтирген. Бул жагдайлар коомчулуктун терс реакциясын жаратты», – деп айтылат билдирүүдө.
УКМК бажы кызматкери менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, ал өзүнүн иш-аракеттеринин жаңылыштыгын түшүнүп, кечирим сураган. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ал мамлекеттик органдарды дискредитациялаганы үчүн бажы кызматынан бошотулду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды