Главная страница » Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт — 2-майга карата аба ырайы

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт — 2-майга карата аба ырайы

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызгидромет маалымдагандай, 2-майга караган түнү аймактардын көбүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз аймактардын көпчүлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +11…+16

күндүз +20…+25

Талас облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +17…+22

Баткен облусу

түнкүсүн +12…+17

күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +12…+17

күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +15…+20

Нарын облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, 14 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz