Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жошук айылында талашка түшкөн 12 сотых жерди 20 жылга жакын убакыттан бери иштетип келген Мастура Базарованын тарапташтары Камаловдордун кайрылуусуна жооп беришти.
Мастура Базарованын жактоочусу Талант Ураимовдун айтымында, Камаловдор жер боюнча токтомду мыйзамсыз чыгартып алышкан.
«Мындан бир канча күн мурда АКИпресстен Камаловдор «биздин жерибизди басып алууда, тартып алышууда» деп кайрылуу жасашкан. Ошого биз жооп берип коюну чечтик.
Жагдай мындайча башталган. 2006-жылы Мастура Базарованын уулу Базаров Сапаралиге Жоошук айылынын Сай бою-2 көчөсүнөн 12 сотых жер берилет. Ошол жылдан тарта Базарова Мастура бул жерди иштетип баштайт. Өрүк бактары бар. Иштетип жүргөн убакта, бир канча жылдан кийин Сапарали баласы ооруп, жерди иштете албай, ал жерди өзүнүн жакын тууганы Сүйүндүков Жолдошко жерди берет. Ошол убактан баштап Сүйүндүков Жолдош тарабынан ушул күнгө чейин иштетилип келет. Ошентип 2023-жылы Мастура Базарбаева уулу каза болгондон кийин, жерди мурас кылып өткөрүп алуу үчүн нотариуска барат. Ал жерден керектүү документтердин тизмесин алат. Ал жерде тизмеде форма 4 болот. «Выписка» деп коет каттоо кызматынан, ресурстар болот. Ал жерге барганда ушул «баламдан калган жерге «выписка» бергиле» дегенде, «Балаңда эч кандай жер жок. Бул жердин башка ээси бар, Камаловдун укугу катталган» деп айтышат. Анан ошол жерден соттошуу башталат.
Биз ошол жылы Баткен административдик сотуна алардын токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө арыз бергенбиз. Биринчи инстанциядан арыз канаттандырылып, биз тарапка чечип берген. Соттун чечимине Камаловдор нараазы болуп аппелациялык тартипте Баткен облустук сотуна даттануу жазышкан. Экинчи инстанциядан алардын датануусу канаатандырылып, Баткен облустук соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, жаңыдан башка чечим кабыл алып, чечимде Камаловдордун арызын канаатандырып ошолордун пайдасына чечим чыгарып беришкен.
Облустук соттун чечимине биз каршы болуп Жогорку сотко арыз жазганбыз. Ал жактан одоно мыйзам бузуулар болгондугун көрсөтүп, Баткен облустук сотунун чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан кароо үчүн облустук сотуна жиберген. Облустук соттон 2024-жылдын ноябрдан тартып бүгүнкү күнгө чейин соттошуп, 2025-жылдын 19-мартында чечим кабыл алынган. Ал чечимде Баткен облустук административдик сотунун чечими күчүндө калып, бизге чечим чыгарып берген.
Бүгүнкү күндө мына Камаловдор өзүн жабырлануучу катары көрсөтүп жатат. Толук айтып кетиш керек маалыматты. Тескерисинче Базарова жабырлануучу болуп жатат. Себеби булар 2006-жылдан бери пайдаланып келе жаткан жерди алар 2021-жылы арыз жазып, бизде КРнын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер берүү участокторун бөлүп берүүдө өздөрүнүн тартиби бар, жобосу. Ал жободо жаран арыз берет, арыз бергенде тиешелүү документтерин берет. Андан сырткары кезекке турат. Анын жеке менчигинде мурда кийин жери болгонбу аны карайт. Анан комиссияга кимдер кирет, мына жер ресурстары кызматы архитектура башкармалыгынан, айыл өкмөтүнөн жана башка мамлекеттик органдардан ошол комиссия түзүлүп, ал комиссия ошол арызды карап кезеги менен берет. Бирок булардын токтомуна караганда, эч жерде каралган эмес. Жер комиссиясы боюнча мурдагы Халмион, азыркы Исхак-Полотхан айыл өкмөтү тарабынан бул арызы каралган эмес. Арыздарды каттоо журналында каралган эмес. 114-номерде башка эле жарандын арызы турат. Мындайча айтканда алар кайдан пайда болгону аныксыз. Белгисиз бир токтомду көтөрүп келип, ошол укуктарын каттаттырып, айыл өкмөттүн кызматкерлеринин салымы менен мыйзамсыз аракеттерди жасашып укуктарын каттатып алышкан.
Баса белгилей кетүүчү нерсе Камалов Сапарали 2021-жылы 1-мартта арыз менен кайрылып жатат. Бирок ага чейин эле 2021-жылы 25-февралда И.Полотхан айыл өкмөтүнүн жер адиси Таирбек Ганыев буга чиймелерин даярдап берип жатат. Бул эмнени билдирет? Кызматкер жаран кайрыла электе эле анын анын арыз беришин кайдан билмек эле?
Андан сырткары 2006-жылдан бери 2021-жылга чейин ал жер кантип бош болуп калсын. Бош турбайт анткени кезекте турган жарандар бар. Жер берүүнүн өзүнүн тартиби бар. Булар тартипти сакташкан эмес. Анан бүгүнкү күндө «сотторду мыйзамсыз чечим чыгарган» деп каралап, чындыкка дал келбеген маалыматты айтып жатат. Тескерисинче биринчи инстанцияда сот караганда, Камаловдор ошо доо арызды кароодо Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери болуп чогуу өз алдынча сүйлөшүп алып, бирөөсү келсе бирөөсү келбей, сотко абдан тоскоолдук кылышкан. Ошентип отурум 6-7 айга созулуп кетти. Андан кийин деле соттук отурум болду ноябрдан мартка чейин атайын келбей качып, жашынып, сот тарабынан тапшырмаларды берсе аткарбай келишкен. Буга чейинки соттордо суроолорду берип келишкен. Прокурорлор деле «Токтом кайдан пайда болду, кантип алып калдынар? Комиссия караган эмес болсо, кезеги жок болсо буга кантип берилип калды?» десе айыл өкмөтү жооп бере албайт. Алар «биз билбейбиз айыл өкмөтү берген» деп шылтоолоп катышкан.
Ошондой эле «биздин жерди басып алышууда» деп жатышат. Бирок бул жерде алар жерди 1 күн да иштеткен эмес. Бүгүнкүгө чейин Мастура Базарова иштетип келүүдө, тактап айтканда бул Сүйүндүков тарабынан иштелип жатат. Ал кайсы күнү өзү алам десе Мастура эжеге берет. Ал атайын ишеним каттын негизинде иштетип жатат. Алар «бир гана Кызыл китеп бизде» деп актанып жатышат. Буга айыл өкмөттүн кызматкерлери жардам беришкен, кызыктар болуп калышты. Алар өздөрүнүн чечимдерин колдоп эле келе жатышат. Булар ушул жагдайда Жогорку сотто булар тарапка чечилбей калышын билип туруп, өлкө башчысына кайрылуу жасап жатышат.
Биз президентибиз Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттүн орун басары Кудайкулов Түгөлбайга, жер адиси Ганыев Таирбекке, Жер ресурстары кызматынын Кадамжай филиалынын кызматкерлери боюнча Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурорго, Ички иштер министрлигине кайрылабыз. Ушул комиссия тарабынан мыйзамдуу тартип менен каралбаган токтомду булар мыйзамдуу деп колдонуп, анан сотко келип да мамлекетти жана мунципиалдык мыйзамдын талабына каршы ошол мыйзамсыз актыны мыйзамдуу деп талашып келе жатканына баа берип, Мастура Базарованын укугун калыбына келишине жардам берүүнүздөрдү суранабыз», – деди Талант Ураимов.
Жактоочу буга катар эле мурда Баткен облусттук администрация тарабынан түзүлгөн комиссия Камаловдорго берилген жердин документтерин карап чыгып, токтомдо бир нече мыйзам бузуулар бар экенин аныктап, облустук прокуратурага билдиргенин, алар Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгына өткөргөнүн, бирок бул иш жабылып калганын кошумчалашты.
Маселенин чоо-жайы:
Буга чейин 21-апрелде Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жошук айылынан калктуу конушундагы Сай бою 2 көчөсүндөгү 1200 чарчы метр жер талашка түшкөнү кабарланган.
Жер ээсимин деген Камалов Сапарбектин жактоочусу Автандил Абдурахманов облустук сот Камалов Сапарбектин мыйзамдуу жерин башка жарандардын оозеки сөзүнө ишенип, мыйзамсыз чечим чыгарып тартып алып жатышканын билдирген.
«Аталган даректеги жер Камалов Сапарбек деген жаранга таандык. Анын атына токтом чыгып, Кызыл китебине чейин жасалган. Тилекке каршы ошол эле айылдын тургуну Сүйүндүков Жолдош бул жер меники деп талашып, мыйзам боюнча толук кандуу ээлик кылган Камалов Сапарбектин пайдалануусуна тоскоолдуктарды жаратып келет. Жерди талашып жаткан Жолдош Сүйүндүков каза болуп кеткен Базарбаев Сапарали дегендин атына жазылган токтомду таап, ага апасы Базарова Мастураны ишенимдүү өкүл кылып сотко кайрылган. Сотко аталган жер боюнча эки токтом чыккан деп доо жазган. Баткен облустук соту аталган жер Базарбаев Сапаралиге тиешелүү деп, Жолдош Сүйүндүковдун кызыкчылыгын көздөп, оозеки сөзгө ишенип мыйзамсыз чечим чыгарды», – деген болчу жактоочу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды