Главная страница » Мандаты алынган депутат Айжигитов ооруканага түшкөнү кабарланды

Мандаты алынган депутат Айжигитов ооруканага түшкөнү кабарланды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бүгүн, 1-майда социалдык тармакта мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун колундагы көгөргөн тактар жана бетинде жаракаты бар сүрөтү жайылууда.

Буга чейин УКМК Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Айжигитов Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жубайын мыйзамсыз түрдө жардамчы кылып жумушка орноштурган.

30-апрелде мурдагы парламентарий жубайы менен Биринчи май райондук сотуна бөгөт коюу чарасын чыгаруу үчүн жеткирилген, ал жерде алар үй камагына чыгарылган.

«Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов сот залы тартылган видеону жарыялап, кызматкерлер Айжигитов менен анын жубайын сабаган эмес деп ырастоодо. Маалыматка ылайык, бөгөт чарасын кароо учурунда Айжигитов «белгисиз себептерден улам» бети менен столду сүзгөн.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz