Главная страница » Майдагы эс алууда транспорт каражатын каттоо бөлүмдөрү кандай график менен иштейт?

Майдагы эс алууда транспорт каражатын каттоо бөлүмдөрү кандай график менен иштейт?

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик май айындагы эс алуу күндөрү бөлүмдөрү кандай график менен иштей тургандыгы тууралуу маалымат берди.

1-майдан 9-майга чейин агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрү жарандарды кабыл албайт. Бул КРнын мыйзамдарында белгиленген расмий майрам жана дем алыш күндөрүнө байланыштуу.

10 жана 11-майда (ишемби жана жекшемби) төмөнкү бөлүмдөр кабыл алууну улантат:

– Бишкек шаардык бөлүмү (Бишкек шаары, Валиханов көч., 2 дареги — «Аю Гранд Комфорт»). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;

– Чыгыш бөлүмү (Бишкек шаары, Валиханов көч., 2 дареги). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;

– «Биримдик 24» (Бишкек шаары, Биримдик-Кут конушу, 11, 180/1 дареги). Күнү-түнү;

– Аймактар аралык бөлүм (Чүй облусу, Военно-Антоновка айылы, «Риом-Авто» унаа базары). Жумуш убактысы: 08:30дан 01:00гө чейин;

– Ош аймактык бөлүмү (Ош шаары, Навои көч.). Күнү-түнү;

– Ош-2 (Ош шаары, Көкүм бий көч., 168 дареги). Жумуш убактысы: 08:30дан 17:30га чейин;

– Жалал-Абад аймактык бөлүмү (Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, 32 дареги). Жумуш убактысы: 08: 30дан 17: 30га чейин.

12-майдан тарта (дүйшөмбү) агенттиктин бардык бөлүмдөрү штаттык режимде ишин улантат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz