Главная страница » Өмүр бою эркинен ажыратылган адамга телефон берүүгө аракет кылган жаран аныкталды

Өмүр бою эркинен ажыратылган адамга телефон берүүгө аракет кылган жаран аныкталды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  1-майда Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Зеленый поселогунда жайгашкан №19-мекемесинде соттолгонго тыюу салынган буюмду мыйзамсыз өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, соттолгон Ч.М.С. аттуу жаран менен узак мөөнөткө жолугушууга келген С.С. аттуу жаран «Redmi» үлгүсүндөгү мобилдик телефонду SIM-карта менен берүүгө аракет кылган. Эреже бузуу жолугушууга алып келген жеке буюмдарды жана азык-түлүктөрдү кароо учурунда мекеменин кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Жыйынтыгында жаранга карата протокол түзүлүп, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 446-беренесине ылайык, ага 17 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz