Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өлкөнүн аймагында бир жуманын ичинде 323 мас айдоочу колго түштү, деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
21-апрелден тарта 27-апрелге чейин өлкө ичинде жол эрежелери бузулган 22 2817 факт катталды.
Алардын ичинде:
– Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган 765 айдоочу;
– Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 323;
– Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;
– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 327;
– Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3866;
– Автээнбаштык — 24;
– Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3521;
– Жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу — 6;
– Башка жол эрежелери бузулган 13 857 факт бар.
Ар кандай жол эрежелери бузулганына байланыштуу 2862 автоунаа айып короого токтотулду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды