Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 29-апрелде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаңы сатып алынган 10 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автобустар Кыргыз-ϴзбек өнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынган.
«Техникалардын жалпы суммасы 740 000 долларды түздү. Анын 20 млн сому Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланды. Япон технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган.
Белгилей кетсек, автобустардын келиши менен «Кызыл-Кыя шаардык автоунаа» муниципалдык ишканасында дагы 18 жумуш оруну түзүлдү. Буга чейин 38 адам эмгектенип турган. 2023-жылы да Кызыл-Кыя шаардык мэриясы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 10 автобус, 2 таштанды ташуучу унаа алган», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды