Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте унаа жаш баланы тебелеп кетти, деп билдирди милиция.
Социалдык тармактарда тараган видеого караганда, кыз айдоочу короодон чыгуу үчүн унааны артка айдап жаткан. Ошол учурда жолдо эки бала ойноп жүргөн. Айдоочу аларды байкабай калып, бирөөсүн тебелеп кеткен. Экинчи бала унаадан качып кетүүгө үлгүргөн.
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, окуя 10-майда саат 20:30 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги короолордун биринде болгон. 2002-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу 2016-жылы туулган И.Э.ни сүзгөн.
Бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факт боюнча тергөө алдындагы текшерүү жүргүзүлүүдө, унаа айып короого киргизилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды