Главная страница » Кыргызстандык боксчулар Бишкектеги турнирде 9 алтын медаль жеңишти

Кыргызстандык боксчулар Бишкектеги турнирде 9 алтын медаль жеңишти

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык спортчулар Бишкекте өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 9 алтын медаль жеңишти.

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 47-турнир 29-апрелден 3-майга чейин Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

3-майда финалдык беттешүүлөр болуп, ага Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Тогуз кыргызстандык финалда жеңишке жетип, алтын медалдарга ээ болушту. Алар: Анвар Хожиев (51 кг чейин), Рысбек Бектенов (60 кг чейин), Мирзохид Имамназаров (63,5 кг чейин), Аскат Чомонов (67 кг чейин), Ихтиер Нишонов (70 кг чейин), Нурадин Рустамбек уулу (75 кг чейин), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг чейин), Бакыт Токтосун уулу (92 кг чейин) жана Мырзакир Кошалиев (92 кг ашык) табылды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz