Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык менен 5833 бейтап катталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева 28-апрелде парламенттеги комитет жыйынында билдирди.
Депутат Аида Исатбек кызы («Ынтымак») эки айдын ичинде 8 бала кызамыктан каза болгонун эске салды. Ал эмделбегендиктен оору жуктургандардын саны өсүп жатканын айтып, Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай чараларды көрүп жатканын сурады.
Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, эмделгендердин санында өсүш бар. Бирок былтыркыга салыштырмалуу аз.
«43%ы диний себептерден улам баш тартышат. Биз муфтият менен жолугушуу өткөрдүк. Биз ар бир вакцина боюнча фатва сурайбыз.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору бар, ар бир бейтапканада филиалдар бар. Алар ар бир ата-эне менен иштешет», – деди Арыкбаева.
Аида Исатбек кызы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жүргүзгөн ишин сындады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды