Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 25-апрелде Жумгал районунун Байзак айылындагы Кара-Кече көмүр кенинде вахталык ыкма менен иштеген ашпозчулар менен ишкананын жетекчилери жолукту.
Маалым болгондой, буга чейин кызматкерлер укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан билими тууралуу сертификаттарынын аныктыгы маселеси боюнча териштирүүлөрдү ар тараптуу, объективдүү жана адилеттүү кароо өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга байланыштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Күлчоро Молдалиев даттанган кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда алардын жүйөөлөрү жана сунуштары угулду. Жолугушуунун жыйынтыгында бул маселени бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда объективдүү жана акыйкат кароо чечими кабыл алынды.
Маселенин чоо-жайы:
Буга чейин 24-апелде Жумгал районунун Чаек айылындагы Кара-Кече көмүр кенинде вахталык жумушта иштеген ашпозчулар чогулуп, маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Алар ашпозчулар аларга жасалып жаткан кысымдардын токтотулушун, коюлуп жаткан айыптар акыйкаттык негизде адилеттүү чечилишин суранышкан. Көмүр кесиминде ашпозчулардын алды 10 жыл, арты 3 жылдан бери иштеп келишет. Арасында тазалоочу кызматында иштеп жүрүп, кошумча кесиптик билим алып, учурда ашканада иштеп жаткандар бар.
Маалымат жыйынга чогулгандар Кара-Кече көмүр кесиминде эмгектенген медайымдын аларга кылган мамилесинен улам массалык түрдө иш таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бирок жалпы жумушчулардын чогулушунан соң кызматтарында калып, иштерин улантышкандарын айтышкан. Аталган ишканада күн сайын 400дөн ашык жумушчуга тамак даярдашат. Ашпозчулар 15 күн иштешсе, 15 күн эс алууга кетишет.
Буга чейин ашпозчу кесибин аркалоодо атайын сертификат, дипломдун болушу талап кылынбаган. Акыркы жылдары кесипкөй адистерди алуу маселеси курчуганын, алгач Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы элге билим берүү борборунда окуп сертификат алышканын, өткөн жылы Жумгал районунун Чаек айылындагы 26-кесиптик лицейден дуалдык багытта кайра окуп, ашпозчулук кесипти аркалашканын белгилешти. Бирок учурда диплом, сертификаттарды сатып алышкан деген дооматтар менен кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышкан.
Чаек айылынын тургуну Аида Турсалиеванын айтымында, Чолпон-Ата шаарында билим алган. 2018-жылдын башында окуусун бүтүп, сентябрь айында техникалык персонал катары жумушка кирген. Кийин 2022-жылы ашпозчу болуп ишке которулуп, бирок өткөн 2024-жылы кесиптик лицейден дуалдык окуудан кесибин жогорулаткан.
«Бул жерде чогулгандын бардыгы ашпозчу кесибин аркалап, ар кайсы жерлерден окуп келгендер. Жакшы эле иштеп келгенбиз, ортодон пикир келишпестиктердин айынан кенде иштеген медайымдын ашканадагы иштерге чейин киришип, айрымдарыбыздын ишибизге тоскоол жаратып, өз билгендигинин айынан чырлашып бүтө албай келебиз. Медайымдын арызы менен учурда кылмыш иши козголуп, сертификаттарыбызды жараксыз кылуунун аракеттери көрүлүп жатат. Эмне себептен окуган билимибизди жокко чыгарышат? Мурункусун макул, бирок кийинки окуган кесибибизди да туура эмес окушкан деген тыянак менен учурда шайыбызды алып, сурактан суракка чакыртып келишет. Тиешелүү мекеменин кызматкерлери деле адилеттүү карап, бир тараптуу кылбай, ашпозчулардын таламын да талашып, акыйкаттуу чечим чыгарышса дейт элек», – деген Турсалиева.
Ал эми Жаңыл Ырсалиева 2010-жылы Бишкек шаарында окуп келген соң, 5 жылдан кийин жумушка кирип иштегенин билдирген.
«Мен 2010-жылы сертификатты Бишкек шаарынан окуп алгам, 2015-жылы жумушка киргем. Ошондон бери иштеп, үй-бүлөмдү багып келгем. Анан былтыр кесиптик лицейде дуалдык окуу бар экен, кесипти жогорулатууну максат кылып окуганбыз. Вахталык жумуш болгон соң 15 күн иштеп, 15 күн бош болдук. Ошол бош кезде кесиптик лицейде окусак, жумуш учурунда мугалимибиз иштеген жерибизден сабак өтүп, онлайн түрдө да окуп, тапшырма аткарып, иштеп да, окуп да жаттык. Анан бардык сертификаттарыбызды жокко чыгартып, эмнеге жараксыз дешет? Биз да мыйзамды билгендиктен ошол багытта окуп, сертификаттарыбызды алдык. Адилеттикти талап кылабыз», – деген Ырсалиева.
Ашпозчу Гүлмайрам Атыкбекова 11 адамды ууландырды деген доомат менен кызматынан которулуп, запкы жегенин белгилеген.
«Мен да Балыкчы шаарында дарыланууга кетип, андан ары Чолпон-Ата шаарынан окугам. Көмүр кесимге тазалоочу катары жумушка орношуп, кийин ашпозчу катары иштеп келдим. Анан медайым чыга калып эле барыбызга асылып, “тамак жасай албайсың” деп, менин үстүмөн 11 адамга кол койдуруп алып, булар ууланыптыр деп жалган дооматтар менен иштен кетирүү амалын кылган. Кийин ооруканага жатсам, ал жактан да бул тамака ууланган деп айтып чыккан. Анда да суракка алынып жүрдүк. Эми өткөн жылы кесиптик лицейден дуалдык окуу боюнча билимибизди жогорулатсак, эми аны да мыйзамсыз окушкан деп бизди ушул кезге чейин беймаза кылып келишет. Эгер мыйзамсыз болсо, лицей деле окутушмак эмес да. Бул медайымдын кылык-жоруктарын баары билишет. Ашкана ишине чейин киришип, баарыбыздын укуктарыбызды тебелеп, акыры коллегияга салынып иштен кеткен. Кетип алып болгон жерге арыз жазып, ушуга чейин жаны тынбай келет. Органдардан бир тараптуу эмес, биздин да пикирибизди угуп, биздин да укугубузду тебелебей калыс карашын суранабыз», – деген Атыкбекова.
Ашкана башчысы Аскат Жаркынбек уулу учурда ашпозчуларды коргоп, алардын таламдарын талашып келгендердин катарында.
«Мен ашпозчулардын укуктарын коргоп, таламдарын талашып келем. Медайымдын буларга кылган кылык-жоруктары айтып бүткүс. Ашпозчуларга карата кылган мамилелери, кордугу, жаман аттуу көрсөткөндөрү чынында ашыкча болгон. Керек болсо 400гө чукул адамдын көзүнчө тургузуп алып айтпаганды айтып, чынында баарына аралашып туруп алган. Бул медайым менен иштеше албайбыз деп массалык иш таштоо болгон соң, жетекчилик жалпы жыйында ашпозчуларда күнөө жок экенин айтып, жумушта калтырышкан. Ашкана башчысын, медайымды жана дагы бир кызматкерди иштен кетирген. Ошондон баштап эле медайым арыз жазып органга берип, сотко берип эле тынчтык бербей келет. Ушунун айынан иштегенге такыр мүмкүнчүлүк болбой жатат. Биз акыйкаттык издейбиз, бир тараптуу карабай, эки тараптын тең пикирин угуп, калыс карашсын деп суранат элем», – дегенал.
Чаек айылынын тургуну, ашкана башчысы Айнура Орозалиева медайымдын функционалдык милдеттеринен аша чаап, жеке жашоосуна чейин киришип баштагандан тарта урушуп келгенин айткан.
«Менин алдымдагы ашпозчуларым ыйлап да келе башташты, алар жакшы эле кордук көрүп келишти. Бул медайымга эмне керек? Жумуш ордубуз керекпи? Улам көрүнгөн жерге арызданып, кирбеген жери, жазбаган арызы калбаптыр. Биз окуган жерлердин баарын чукуп, аларды кошо коркуттуруп, ар кандай окубаган деген нерселерди таап чыгып, тынчыбызды алып жатат. Ал бир адам болсо, бул жакта 30 ашпозчу бар. Ушул жерде көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер бар. Айлык маяна 5-8 миң сом кезден бери иштегендер бар. Кара-Кече көмүр кени акыркы 2 жылдан бери эле көрүнүп, иш жүрүп, эмгек акы көбөйүп калгандан бери тынчтык жок. Органдар эки тарапты тең карап, адилеттүү чечим чыгарып беришин суранабыз», – деген Орозалиева.
Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлгөн.
Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, доогер М.Р. аталган ишканада медайым болуп иштеген. Ашпозчулар менен пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, бул чыр соттук териштирүүгө алып келген. Жыйынтыгында медайым ээлеген кызматынан бошотулган.
«Жаран М.Р. сотко кайрылып, «Кыргызкөмүр» ишканасындагы («Кара-Кече» филиалы) ашпозчулар санитардык-гигиеналык нормаларды бузуп, жумушчулардын тамак-ашын даярдоо үчүн мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонуп жатышканын билдирген. Ал бул мыйзам бузуулар боюнча актыларды түзүп, ашпозчулар жасалма сертификаттар менен иштегенин аныктаган.
М.Р.ны эскертүүсүз иштен алуу анын ден соолугунун начарлашына жана амбулатордук дарылоого алып келген. Ал 1-категориядагы медициналык кызматкер катары мурда ээлеген кызматын кайра калыбына келтирүүнү, аргасыз бош болгон мезгилдеги орточо эмгек акысы үчүн «Кыргызкөмүр» ишканасынан 250 миң сом, моралдык зыян үчүн 2 миллион сом өндүрүп берүүнү, ошондой эле талаптар толук аткарылганга чейин ишкананын мүлкүн камакка алууну талап кылган.
Жумгал райондук сотунун 2025-жылдын 7-февралдагы чечими менен Р.М.Р.нын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Ал «Кара-Кече» филиалында 1-категориядагы медайым болуп калыбына келтирилип, аргасыз бош болгон мезгилдеги орточо эмгек акысы үчүн 52 миң 727 сом жана моралдык чыгымы үчүн 20 миң сом өндүрүлгөн.
Биринчи инстанциядагы соттун чечимине макул болбой, «Кыргызкөмүр» ишканасынын Кара-Кече филиалынын өкүлү Нарынбек Каттобеков кайрылуу жолдогон. Ал иштин жагдайлары толук эске алынбаганын, жоопкердин жүйөлөрү каралбаганын жана чечим доогердин тиешеси жок далилдерине негизделгенин белгилеген. Ошондой эле ал 2024-жылдын 13-ноябрындагы буйругу эмнеге негизделгендиги толук такталбаганын, ички териштирүү жөнүндөгү комиссиянын корутундусу жана жалпы жамааттын протоколу каралбаганын, кызматтык ички териштирүү комиссиясынын иликтөөсүндө Р.М.Р. түшүнүк берүүдөн баш тартып, ал боюнча тийиштүү акты түзүлгөнүн, бирок соттук жыйналышта ал боюнча такталбаганын көрсөтүп, Жумгал райондук сотунун 2025-жылдын 7-февралындагы чечимин жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөтүүнү сураган.
Жооп катары Р.М. «Кыргызкөмүр» ишканасы андан түшүндүрмө кат алгандыгы же андан баш тартуу жөнүндө акт түзүлгөндүгү тууралуу далилдерди берген эмес деп билдирип, каршы пикирин билдирген. Ал ошондой эле филиалдын жетекчиси эч кандай тартиптик чара колдонбогонун, ал эми ишкананын өкүлү жумуштан бошотуунун себеби катары Р.М.Р. ашпозчуларга кысым көрсөтүп, аларды мазактагандыгы үчүн Кара-Кече филиалынын ашпозчулары массалык түрдө иш таштоого барганын, кыш мезгилинде жумуш кызуу жүрүп жаткан кезде ашпозчулар массалык түрдө иш таштаса көмүр казуу иштери токтоп калаарын, ашпозчулардын жумуштан бошоо тууралуу арыздарынын көчүрмөлөрүн далил катары келтиргенин, бирок ал арыздарда Р.М.Р.нын кысымынын же мазактоосунун айынан жумуштан бошотууну сурагандыктары көрүнбөгөнүн билдирип, Жумгал райондук сотунун 2025-жылдын 7-февралындагы чечимин өзгөртүүсүз калтырууну сураган.
Үчүнчү тарап — Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын түндүк региондор аралык башкармалыгы соттук жыйналыштын орду жана убактысы тууралуу тийиштүү түрдө кабардар болсо дагы соттук жыйналышка келген эмес. Жазык-процессуалдык кодексинин 333-беренесинин 5-бөлүгүндө ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган ишке катышуучу жактардын келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбайт. Андыктан, апелляциялык инстанциядагы сот даттанууну жок болгон тараптын катышуусуз кароону чечкен.
Отурумдун жүрүшүндө «Кыргызкөмүр» ишканасынын өкүлү Каттобеков апелляциялык даттанууну колдоп, соттун чечимин жокко чыгарууну жана ишти жаңы кароого жиберүүнү талап кылган. Р.М. даттанууну колдогон жок жана чечимди өзгөртүүсүз калтырууну суранган.
Соттук коллегия иштин материалдарын жана апелляциялык даттануунун жүйөлөрүн изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келген.
Жазык-процессуалдык кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык апелляциялык сот биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн даттануунун чегинде, анын укуктук негиздери менен чектелбестен текшерет. Коллегия биринчи инстанциядагы сот мыйзамдын ченемдерин туура колдонуу жана негиздүү тыянактарды чыгаруу менен Р.М. доосун жарым-жартылай канааттандырды деп тапкан.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы буйругунун негизинде Р.М.Р. «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын ички териштирүү жөнүндө комиссиясынын 2024-жылдын 4-ноябрындагы корутундусунун, 2024-жылдын 1-ноябрындагы жалпы жамааттык жыйындын 01-6/15 протоколунун негизинде 2024-жылдын 13-ноябрынан тартып ээлеген жумушунан бошотулган. Иштин материалдарына ылайык Р.М. 1 ай 7 күн аргасыз бош жүргөн.
Сот жыйналышында Кара-Кече филиалынын өкүлү Каттобеков Р.М.Р.га берген эмгек акысы тууралуу маалым катына караганда 2024-жылдын январь, февраль, март, июнь, август, сентябрь, октябрь, декабрь айларында, тактап айтканда, 8 айда жалпы 515 миң 589,28 сом эмгек маянасын алган. Демек, Р.М.Р. орто айлыгы 64 миң 448,6 сомду түзөт. Акыркы 3 айда, т.а. сентябрь айы — 51 миң 4,8 сом; октябрь айы — 102 миң 9,6 сом, декабрь айы — 67 миң 831,2 сом, жалпы — 220 миң 845,6 сом алган. Демек, аргасыздан бош жүргөн күндөрү (1 ай, 7 күнгө) 81 миң 857, 66 сом өндүрүлүүгө жатат.
Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө ишкананын кесиптик бирлиги (профсоюз) Р.М.ны бошотууга макулдук бербегендиги аныкталган. Жазык-процессуалдык кодексинин 338-беренесинин 2-пунктунун талабына ылайык апелляциялык инстанциядагы сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө өзгөртүүгө же аны толук же айрым бөлүгүндө жокко чыгарууга жана жаңы чечим чыгарууга укуктуу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жазык-процессуалдык кодексинин 338-беренесинин 2 бөлүгү жана 343,344-беренелерин жетекчиликке алып, Нарын облустук сотунун соттук коллегиясы Жумгал райондук сотунун 2025-жылдын 7-февралдагы чечимине карата өзгөртүү токтомун чыгарган.
Кара-Кече филиалынан Р.М.Р.нын пайдасына аргасыз ишке чыкпагандыгы үчүн 65 миң 551,13 сом өндүрүлсүн.
Чечимдин калган бөлүгүн өзгөрүүсүз калтырылсын.
Жоопкер «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын өкүлү Каттобековдун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
Чечим жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте даттанууга укуктуу», – деп айтылган маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды