Главная страница » Кош бойлуулар ВИЧ-инфекциясына 2 жолу текшерилет,

Кош бойлуулар ВИЧ-инфекциясына 2 жолу текшерилет,

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  ВИЧ-инфекциясына чалдыккан кош бойлуу аялдардын 95%ы дарылоого алынган, деп билдирди Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова бүгүн, 28-апрелде парламенттин социалдык комитетинин жыйынында.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда кош бойлуулар каттоого турганда ВИЧке карата текшерилет. Алардын өнөктөштөрү дагы текшерилет. 2022-жылга чейин бир гана жолу текшерилишчү. Кийин биринчи текшерүүдө оору табылбай, бирок бала оорулуу болуп төрөлүп калып жаткандыгына байланыштуу, 2022-жылдан тарта кош бойлууларды 2 жолу тестирлөөдөн өткөрүүнү киргиздик.

Эгер аял каттоого турбай, төрөтканага келип калса, ал жерлерде экспресс тесттер жетиштүү. Ошондой эле бала жана эне үчүн дагы керектелген дарылар жетиштүү санда», – деди ал.

Анын айтымында, учурда оорунун энеден балага берилген учурлары азайган.

«Эгер аял да, күйөө да ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн болсо, дарыялоонун негизинде бала дени сак төрөлүшү мүмкүн. Эгер жуптардын бирөөсү ооруну алып жүрсө, экинчисинин дени сак болсо дарылоонун натыйжасында инфекция бири-бирине жукпайт», – деп кошумчалады адис.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz