Главная страница » Кочкордо мергенчилер малчыларды тынчсыздандырып келген 2 жырткычты жок кылышты

Кочкордо мергенчилер малчыларды тынчсыздандырып келген 2 жырткычты жок кылышты

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы мергенчилер 2 карышкырды атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер билдиришти.  

Маалым болгондой, Кочкор районундагы Ак-Чий айылынын Май-Булак тоосунан мергенчи Темирбек Кыдырбаев жана Эсенбек деген мергенчилер   карышкырларды көрүшкөн. Аңдып олтуруп бир ургаачы карышкырды, былтыркы бөлтүрүктү атып алышты. Карышкырлар жергиликтүү малчылардын тынчын алып келишкен.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz