Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор районундагы мекеме жетекчилери 1-май — Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата бак отургузушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эмгек майрамына карата райондогу жалпы мекеме жетекчилеринин демилгеси менен Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектебинин аянтына 100 түп алма көчөтү олтургузулду.
Иш-чаранын негизги максаты мектептин айланасын жашылдандыруу менен бирге, балдардын келечегине кам көрүү жана коомдук демилгелер аркылуу билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүү болуп саналат.
- 100 түп алма көчөтүн мекеме жетекчилери сатып алышкан.
1-май — дүйнө жүзү боюнча Эмгекчилердин эл аралык майрамы катары белгиленет. Бул күндүн тарыхы 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында миңдеген жумушчулар 8 сааттык иш күнү үчүн көтөрүлүшкө чыккан учурдан башталат. Көп өтпөй бул кыймыл дүйнө жүзүнө жайылып, 1890-жылдан тартып 1-май расмий түрдө эмгекчилердин укугун коргоо күнү катары таанылып, көп өлкөлөрдө майрамдалып келет.
Бул күн — эмгек адамын даңазалоо, анын коомдогу ордун белгилөө, ошондой эле жумушчулардын укуктарын эскерүү жана колдоо күнү болуп эсептелет. Айрым өлкөлөрдө бул күндү параддар жана маданий иш-чаралар менен белгилешет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды