Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан бош орундар жана кесиптер жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 1-май — Эмгекчилердин майрамынын урматына Кочкор айылындагы «Чолпон» кинотеатрынын алдына өткөрүлгөн.
Жармаңкеге Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган жумушсуз жарандар, аз камсыз үй-бүлөлөр, социалдык контракт алып ишкердик баштаган үй-бүлөлөр жана Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин бүтүрүүчү курстарынын студеттери катышты.
Иш-чарага 29 иш берүүчүлөр тарабынан 122 бош жумуш орундары сунушталды. Жармаңкеде жумуш издеген жарандар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түздөн түз байланыш аянтчасы түзүлүп, иш берүүчүлөргө квалификациялык талаптарына ылайык жумушчуларды табууга, ал эми жумушсуз жарандарга ишке орношууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Кочкор району боюнча Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттосунда 813 жумушсуз жана жумуш издөөчүлөр катталган. Алардын ичинен 111 расмий жумушсуздар болуп эсептелет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды