Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарында жол кайгуул кызматкерлери менен чатакташканы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу куткаруу кызматынын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, рейд учурунда прокуратура жана ӨКМ кызматкери мас абалда кармалган. Алар жол кайгуул кызматкерине баш ийбей, күч колдонуп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.
ӨКМдин кызматкерине карата кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми прокуратура кызматкери буга чейин убактылуу кызматтан четтетилгени айтылууда.
Ош ШИИБдин Кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубанычбек Камчибеков бул иш Ош ШИИБден тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок жаңжалга кайсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышканын так айткан жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 6-апрелде катталган. Эс алуу күнү ӨКМдин кызматкери досу менен спирт ичимдигин ичип, унаада жүргүнчү катары бара жатканда кармалган.
«Куткаруу кызматынын башчысы кызмат ордунда иштеген. Бул окуя 6-апрелде болгон экен. Ишембиде эс алуу күнү болгон. Бизге маалымат жакында жетти. Ички иштер министрлигинен биздин кызматкер экени, кызматтык милдеттери тууралуу маалымат сурап, иш козголгону боюнча кат келип түшкөн. Биз андан кийин 18-апрелде министрликке жана Аскер прокуратурасына кабар бердик. 29-апрель күнү ал 48 саатка камакка алынды», – деп айтылат маалыматта.
Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн соң гана ӨКМ тарабынан ички иликтөө жүргүзүлүп, укук бузууларга жол берген кызматкерлердин кызматтык маселеси каралары маалым болду.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган кызматкер прокуратурада мурда иштеген. Ал 2024-жылдын март айында терс мотивдер менен жумуштан алынган.
Мурдагы кызматкердин кызматтык күбөлүгү алынбагандыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү (ал окуя учурунда кайгуул кызматкерине күбөлүктү көрсөткөн). Анын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын кызмат адамдарына чара көрүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды