Главная страница » Кенже лейтенант Нургүл Уразованы кылмышка шектүү жаран кантип таң калдырган?

Кенже лейтенант Нургүл Уразованы кылмышка шектүү жаран кантип таң калдырган?

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кенже лейтенанты Нургүл Уразова. Анын жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1989-жылдын 2-июлунда Казакстандын Актау шаарында төрөлгөн. 5 жашында ата-энеси кичи мекенине көчүп келип, Чүйдүн Жайыл районундагы Новониколаевка орто мектебинен билим алган.

«Эмгек жолумдун алгачкы күндөрүн Талас жергесинде баштагам. Ошол учурда кимдир бирөөлөр дүкөндөн бир нерселерди уурдап кеткендиги тууралуу маалымат уктук. Биз окуя болгон жерге барып, видеокамераны карай баштадык. Видео алыстан тартылгандыктан даана көрүнбөй өтө майда гана караандар түшүптүр. Байкообузда жаш балдар экенин болжодук. Ошол аймактагы мектепке барып, шектүү окуучуларды иликтедик. Ошол учурда бир окуучунун чөнтөгүнөн бир даана сагыз чыкты. Биз “Муну кайдан алдың? Уурдап алган жоксуңбу?” деген суроо узатканда эле негедир коркуп кеттиби, айтор ыйлап жиберди. Ошондо тынчтык өкүм сүргөн класс ичи жандана түштү. Бир аз тынымдан соң уурулук кылган 8-класстын бир топ балдары өз каалоосу менен доскага тизиле баштады. Ошентип, алардын ата-энелери, мугалимдери менен тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзгөнбүз. Албетте, балалык боё сезим, жаш курактык психологиялык өткөөл мезгил кимдир бирөөнүн сөзүнө жетеленүү жана башка жагдайдарды ыйлаган баланын көзүнөн окуп турдум да балалык мезгилим эсиме түштү», – деп, погончон айым сөз баштады.

Каарманыбыз мектепте окуп жүргөн кезинде пианино ойногонду жакшы көрчү.

«Анда 7-класста элем. Күндөрдүн биринде эле атам Игамберди менин пианино ийримине эмес, самбого жаздырып коюптур. Атамдын каалоосун четке какпадым. Ошентип, спорттун самбо түрү менен машыга баштадым. Күндөн-күнгө денем чыңалып, спорт дүйнөсүндө жашадым. 9-классты бүткөн соң дагы атамдын каалоосу менен И.Раззаков атындагы КТУнун Кара- Балтадагы филиалынын электро энергетика бөлүмөн билим алдым. Атам кесиби боюнча электрик болчу. Көрсө, ата кесибин улоо максатында мага ошол багытта жол салган тура.

Биз 3 бир тууганбыз. Кечинде баарыбыз дасторкондо отурганда “Бой жеткенде таза, ак иштегиле. Маңдай тер менен тапкан тамак даамдуу, берекелүү болот” дей берчү эле. Анда апам Айтбү башын ийкеп, эжем Миргүл экөөбүздү карап, күлүп койчу. Эжем Миргүл, иним Артык ата-энебиздин акыл-насааты менен жетилдик.

18 жашымда Чүйдүн Сары-Булак айылына Рамис аттуу жигитке турмушка чыктым. Адинай, Баяман, Азалия аттуу уул-кыздуу болдук. Менин жаш кездеги оюмду орундатып, 8 жаштагы кичүү кызым пианино ойноп, жумуштан чарчап келсем, музыка менен эс алдырат. Ал эми улуу кызым Адинай 2008- жылы 31-декабрда төрөлгөн. Ошол жылдан баштап, жаңы жыл биздин үй-бүлөдө кош майрам. Жолдошум ар бир майрамда гүл тартуулап келет. Жашообуз жакшы. Спортто аркан, таяк тартыш боюнча көп жолу таймаштарга катыштым», – деди милициянын кенже лейтенанты.

Ал милиция кесибин тандоодогу айрым жагдайлар жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду.

«Кээде милиция , сот, прокуратура кызматында иштөөнү кыялдана берчүмүн. Аларды кинолордон көргөндө ошолордой басып, өзүнчө эле романтика болчу. Эми ойлосом, менин жашоом тартип сакчылыгында экен. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин аяктап жатканда райондук сотто практикадан өттүм. Ошол жылы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү “Бирдиктүү терезеде” иштеп баштадым. Бирге иштеген милициянын капитаны Асел Мавлянова эжей насаатчым болуп, мени “Милиция кызматы татаал кесип. Күтүлбөгөн да окуялар көп болот. Ар дайым сабырдуулук менен боорукер бол” деп, кеңештерин айтып, чыйыр жолго жетеледи. Көп жакшы адамдар менен иштедим, үлгү алдым, тажрыйба топтодум.

Кийин конкурстан өтүп, Талас облусунун Айтматов райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенип, жакында эле Панфилов районуна которулдум. Ынтымактуу кесиптештерим менен иштеп келем. Учурдан пайдаланып, жетекчибиз баш болгон бардык милиция кызматкерлерин жаңы 2025-жылы менен куттуктайм», – деди ал.

Ал кызмат учурундагы кызыктуу окуяга токтоло кетти.

«Эмгек жолумда бир кызыктуу окуяга күбө болгом. Кылмышка шектүү адамды ички иштер бөлүмүнө алып келгени кесиптештерим Канат, Максат болуп, айылдын четиндеги үйгө саат 23:00дөрдө бардык. Барсак жашы 50лөрдөн өткөн шектүү мас абалында экен. Өтө эле шайыр киши өңдөнөт, жол бою

“Айла жоктон неттим ай,

Акылымдан кеттим ай,

Сүйүп калып сени, Эркинай…” деп, ырдап келсе болобу. Азыр да ошол учурду эстесем, күлө берем.

Улуулар “3 күндүк өмүр” десе терең түшүнө албай таң калып жүрчүмүн. Эми акыл калчасам, кечээги, бүгүнкү, эртеңки 3 күн бирде артка кайрылтса, бирде алдыга умтултуп, өтүп жаткан ар бир өмүр тура», – деди ал.

Каарманыбыз учурдагы айрым бир көйгөйлөр жөнүндө айтып берди.

«Азыр техника, технология өнүккөн заман. Ар бир жаран чөнтөк телефон колдонот. Өзгөчө, жаштар “Интернет дос” дегенди көп колдонгон учур. Алар интернет аркылуу таанышып, дос болуп, жолугууга ашыгып, айрым учурда көйгөйлүү окуяларга дуушар болгону да маалым. Ошондуктан, жашы жете электер ата-эненин көзөмөлүндө болгону дурус», – деди Нургүл айым.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz